Борбор калаанын"Төкөлдөш" конушунда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан уруксатсыз таштанды таштоочу жайларга каршы күрөшүү чаралары көрүлүүдө.

Жарандар жана уюмдар жол жээктеринде, газон бөлүгүндө башаламан таштанды төгүүчү жайларды жаратууну улантышууда.

Эреже бузгандардын бири Октябрь көчөсү, 250 дареги боюнча жайгашкан жеке адам болгон.
Бузуучуга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин укук  115-беренесинин 1-бөлүгү менен айып салынган.

Ушундай эле эреже бузуу менен "Принт Лайф" ЖЧКсына 17 000 сом айып салынган.
Белгилей кетсек, таштанды калдыктардын топтолушу айлана-чөйрөнүн абалына, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, коркунучтуу ооруларды козутат.

Белгилей кетсек, муниципалдык инспекция тарабынан белгиленбеген жерге таштанды таштагандарды аныктоо жана аларга чара көрүү иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.