Бишкек эл аралык кинофестивалы 2024-жылдын 11-июнунан 15-июнуна чейин Бишкекте экинчи жолу өткөрүлөт.


2024-жылы фестиваль Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.


Кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер келет. Кинофестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6 мастер-класстар жана байге фонду менен питчинг уюштурулат.

Кинофестивалдын программасына ошондой эле Борбор Азия жана эл аралык сынактар, «Ретроспектива» программасынын тасмаларынын көрсөтүлүшү, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген кинорежиссерлордун жана маданият ишмерлеринин катышуусунда панелдик талкуулар каралган.


Борбор Азиялык сынактын программасына Кыргызстан, Казакстан, Таджикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын кинорежиссерлорунун 11 тасмасы коюлат.

Бишкек Эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Анын алкагында түрк киносунун жумалыгы, Айтматов илимий-практикалык форуму, Борбор Азия тасмаларынын бет ачары, эл аралык жана улуттук көркөм фильмдердин сынактары сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлгөн.


Эл аралык Бишкек кинофестивалы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы №159  Кыргыз Республикасынын  “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана кинематографияны мамлекеттик колдоо тутумун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдан тартып жыл сайын июнь айында өткөрүлөт.


Бишкек Эл аралык кинофестивалы кино тармагынын адистерин бириктирүү, жаңы биргелешкен эл аралык кинодолбоорлорду түзүү жана дүйнөлүк кино коомчулугунун көңүлүн Кыргызстандын борборуна жана Жалпысынан Борбордук Азия аймагына буруу үчүн эффективдүү өндүрүш аянтчасы боло турган маанилүү маданий жана эл аралык иш-чара катары кабыл алынган.