Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 22-р жана 2024-жылдын 7-мартындагы № 86-р токтомдору менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору бекитилген.

«Элдик Банк» ААКсы (мурдагы «РСК Банк») «Айыл чарбасын каржылоо – 12» (АЧК-12) мамлекеттик программасынын алкагында арыздарды кабыл алат.

Белгилей кетсек, банк дыйкандарга төмөнкү шарттарда жеңилдетилген насыя алууну сунуштайт:
-  жылдык 10% (эффективдүү ставка - 10,69%);
- каржылоо мөөнөтү - 24 ай;
- каржылоонун суммасы - бир карыз алуучуга максималдуу сумма 500 000 сомго чейин.

Жеңилдетилген кредиттер төмөнкү багыттар боюнча берилет:
- мал чарбачылык;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүк.

Программанын жалпы бюджети 2,5 миллиард сомду түзөт.

Толук маалымат алуу үчүн «Элдик Банк» ААКтын консультанттарына кайрылсаңыз болот:
- Сүйүнтбекова Назиля Сабатаровна, "Ырыскы"  филиалынын кредиттик бөлүмүнүн башчысы, тел.: 0505 484 888;
- Чолпонкулов Кыдралы Бейшеналиевич, «Илбирс» филиалынын кредиттөө бөлүмүнүн башчысы, тел.: 0700 565 172;
- Джигитеков Жергалбек Шаршенбиевич, «Мурас» филиалынын кредиттөө бөлүмүнүн башчысы, тел.: 0771 221 516;
- Шокоев Искак Мусаевич, Чүй филиалынын кредиттөө бөлүмүнүн башчысы, тел.: 0550 110 850.