Биринчи май районунда РИИБдин кызматкерлери райондук МАБтар менен биргеликте имараттардын фасадына жана имараттардын дубалдарына наркотикалык жана психотроптук заттарды таратуу боюнча граффити түрүндө илинген жана кылмыш иши тууралуу маалыматты камтыган   жазууларды сырдоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Биринчи май акимиаты райондун бардык тургундарына кайдыгер калбоого жана баңги заттарды  алдын алуу жана ага каршы күрөшүүгө активдүү катышууга чакырат.

Урматтуу шаар тургундары! Мыйзамсыз жарнамаларга туш болсоңуз же баңги затын таратуу фактылары тууралуу маалыматыңыз болсо, анонимдүүлүк шарты менен төмөнкү атайын номурларга кабарлап, ошондой эле муниципалдык администрациянын жана ички иштер башкармалыгынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына билдирүү жөнөтсөңүз болот.

Маалымат билдирүү үчүн байланыш телефондору:  102; 0312 66 06 16; 0312 66 02 44.