Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан "Красный строитель" турак жай конушундагы заводдун имараты бошотулуп, жеңил конструкциялар жана кошумча курулуштар демонтаждалууда.


Буга чейин: 2023-жылдын 6-апрелиндеги келишимге ылайык,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан 0,517 га муниципалдык жер тилкеси, андагы  муниципалдык бала бакча комплекси, мамлекеттик мүлк Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине тиешелүү  Кийизбаев көчөсү, 206 дарегинде   1,516 га түзгөн иш жүзүндөгү имараттары  менен алмашуу жүргүзүлгөн.


Красный строитель конушунун тургундарын бала бакча менен камсыз кылуу максатында башкармалык тарабынан имаратты өз ыктыяры менен бошотуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү берилген. Андан бери 8 ай өттү.


Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы ММБФ) мурдагы ижарачысы имаратты бошотууга милдеттенген, бирок аны аткарган эмес.