Бишкек шаарынын  мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо  боюнча башкармалыгынын адистери "Бишкекбашкыархитектура", "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын жана   Октябрь акимиатынын кызматкерлери  менен биргеликте  жарнама конструкцияларына рейд  өткөрүштү.

Рейд Ахунбаев көчөсүндө Ч. Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин өткөрүлдү.

84 жарнама конструкцисы, 4 терминал алынды.
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107, 239, 179-беренелерине ылайык 9 протокол  түзүлгөн.

Ошондой эле, рейд учурунда Байтик Баатыр көчөсүнүн кеңейишине жол бербеген объектилер текшерилди.

Жарнама конструкцияларын алуу боюнча рейд жарнаманын тексттерин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын талаптарына ылайык келтирүү,  шаардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү үчүн жүргүзүлөт.