Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Трудовая көчөсү, 4 дарегинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштерин баштады.

Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

Имарат план боюнча тик бурчтуу формада болот, эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Комплекстин жалпы аянты 1756,20 чарчы метрди түзөт.

Комплексте төмөнкүдөй жайлар каралган: процедуралык кабинет, медициналык бөлмө, изолятор, кабыл алуу бөлмөсү, гардероб, күрөш залы, телескопиялык трибуналар, кийинүүчү жайлар, душ кабиналары, башчынын кабинети, коридор, машыгуу залы, санузел жана машыктыруучунун кабинети.

Имаратты куруу үчүн "Лидер Хаус" ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бул дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу Бишкек шаарында спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, спорт менен машыгуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн шарттарды жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат.