Борбор калаада бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бул объекттердеги иштерди Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өзгөчө көзөмөлгө алды.

2024-жылдын 5-июнунда калаа башчысы кызматтар менен биргеликте Ак-Ордо жаңы конушундагы бала бакчанын курулушунун жүрүшүн текшерди.  

Ал жерде аймакты көрктөндүрүү, балдар аянтчаларын жана тосмолорду орнотуу, ошондой эле ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Бала бакчанын ачылышы 1-августка чейин пландалууда. Подрядчы - «Ак-Ниет-Курулуш» ЖЧКсы.

Андан кийин «Чыгыш-5» кичи районундагы реконструкция иштери жүрүп жаткан бала бакчанын имаратында болду.

Жеринде мекеменин ички жана тышкы макети менен презентация көрсөтүлдү.

Борбор калаанын башчысы үстүбүздөгү жылдын 31-августуна бүтүрүү пландалган бардык объектилер боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле Трудовая көчөсү, 4 дарегиндеги спорттук-эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшүн текшерди.
Учурда пайдубалдын чуңкурларын куруу иштери аяктап, фундаменталдык негизи жана таяныч дубалдарды орнотуу иштери аяктады.
Эки кабаттуу  комплекстин жалпы аянты 1756,20 чарчы метрди түзөт.
Комплексте төмөнкү жайлар каралган: дарылоо бөлмөсү, медициналык бөлмө, изоляциялык палата, кабыл алуу бөлмөсү, гардероб, күрөш бөлмөсү, телескопиялык трибуналар, кийинүүчү бөлмөлөр, душ, менеджердин кабинети, коридор, спорт зал, жуунучу бөлмө. жана машыктыруучунун кабинети.

Подрядчы ЖЧК "Лидер Хаус". Компания өкүлдөрү бардыгы график боюнча жүрүп жатканын, ачылыш 2024-жылдын сентябрына пландалып жатканын билдиришти.