Борбор калаанын райондорунда балдардын иштери боюнча комиссиянын жыйындары өттү.

Алсак, Биринчи май районунда балдар арасындагы укук бузуулар, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү, балдарды үй-бүлө менен бириктирүү боюнча 12 материал боюнча маселелер күн тартибине коюлуп, каралды.

Свердлов районунда мектеп-интернаттарга, мектептерге жайгаштыруу, мүлктүк жана укук бузуулар боюнча 43 материал боюнча маселелер күн тартибине коюлуп, каралды.

Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иш алып баруу жана балдарды коргоо боюнча пландар бекитилди.

Комиссиянын курамына саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, социалдык коргоо тармактарынын адистери жана зарыл болгон учурда социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн бейөкмөт уюмдар кирет.


Комиссиянын негизги милдети балдар арасындагы кылмыштуулукту  жана кароосуз калууну алдын алуу, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү болуп саналат.