Борбор калаанын негизги көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Алсак, жолдун курулушу Байтик Баатыр көчөсүндө А.Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин, ошондой эле Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейин уланууда.

Саат 13:00гө карата Байтик Баатыр көчөсүн бойлой Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин 28 бирдик атайын техника тартылган. Жеринде 1 бригада (16 адам) лоток орнотуу жана брусчатка төшөө иштерин,  1 бригада (7 адам) таштандыларды тазалоо иштерин, 7 адам бордюрларды жолдун жээгине чейин көтөрүү иштерин  жүргүзүүдө.

Байтик Баатыр көчөсүндө  Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин 16 даана атайын техника тартылып, 1 бригада (9 адам) жол бордюрларын орнотуу жана 1 бригада (18 адам) кеңейтүү иштерин алып барууда.

Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүн бойлой Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин 11 даана атайын техника тартылган. Кошумча 1 фрезер машинасы орнотулду. Аймакта иштөөдө: 1 бригада (6 адам) асфальт фрезерлөөчү бригада, ошондой эле 4 адамдан турган геодезисттер бригадасы.

Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин перспективдүү түтүктөрдү орнотууга 2 атайын техника жана 1 бригада (5 адам) тартылган.

Мындан тышкары Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин 12 бирдик атайын техника тартылган. Жеринде төмөнкүлөр иштеп жатат: 1 бригада (5 адам) чуңкурларды жамоого даярдоодо, 1 бригада (12 адам) бордюр орнотууда - 200 даана орнотулду, 1 бригада (5 адам)  түтүктөрдү орнотууга жана 1 бригада (4 адам) жаракаларды толтурууга даярдык көрүүдө.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 14-июнунда жогоруда аталган аймактардын баарына экинчи катмар асфальт төшөлүп, унаа кыймылы үчүн ачылат.