Л.Толстой көчөсүнүн тротуарын капиталдык оңдоо: асфальт төшөө иштери башталды
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.
Алсак, Лев Толстой көчөсүнүн түндүк тарабынан Байтик Баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жана түштүк тарабынан Байтик Баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Л.Толстой көчөсүндөгү Логвиненко көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин түндүк тарабындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталды.
Логвиненко көчөсүнөн Манас проспектисине чейин арыктарды орнотуу жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Л.Толстой көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде мыйзамсыз орнотулган гараждар болгон. Тротуарды курууда мыйзамсыз гараждар алынды.
Мындан тышкары Лев Толстой көчөсүн бойлой Байтик Баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин түштүк тарабында жайгашкан имараттын кире бериш тобун демонтаждоо жана тротуардын негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Тротуардын курулушуна тоскоол болгон Бишкек шаардык телефон тармагынын мамылары жылдырылышы күтүлүүдө.
Көчөнүн аталган бөлүгүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо боюнча негизги иштер 2023-жылы аткарылып, бирок аба ырайына байланыштуу иш токтотулган.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган аймактарда тротуарларды капиталдык оңдоо иштери «Дормастер» ЖЧКсы жана «СтандартПрофГрупп» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.