Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда шайлоо штабы өттү.
Жолугушууда 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрүү маселеси талкууланды.
Н.Шайлдабекова учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатканын, ал 10-июнга чейин улана турганын билдирди. Андан кийин маалымат кампаниясы башталат.
Өз кезегинде Мирланбек Байгончоков тиешелүү кызматтарга шайлоо участкаларынын коопсуздугун камсыздоо, материалдык-техникалык жана транспорт жактан ж.б.у.с. камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.
Жыйндын катышуучуларына мэрдин биринчи орун басары «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге референдумду жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө катышууга тыюу салынаары жөнүндө эскертти.