Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл: тарых жана азыркы заман» деген темада мыкты сүрөт, видео жана эссеге сынак жарыялады.
Эскерте кетсек, сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары (жеке адамдар же чыгармачыл жамааттар) катыша алышат.
Сынакка катышуу үчүн 2024-жылдын 1-октябрына чейин аймактык боюнча прокуратура органдарына сынактык иштерди тапшыруу зарыл:
- Ленин районунун прокуратурасы - Үмөталиев көчөсү, 7, тел.: 0312 35-27-60;
- Свердлов районунун прокуратурасы-Токтогул көчөсү, 47б., тел.: 0312 48-65-64;
- Биринчи май районунун прокуратурасы- Панфилов көчөсү, 175, тел.: 0312 62-12-48, (558) 66-60-81;
- Октябрь районунун прокуратурасы- Тыныстанов көчөсү, 6а, тел.: 0312 54-82-04.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.