Борбор калаанын базарларына жана эт күркөлөрүнө социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Свердлов районунун аймагында Аламүдүн, Чынар базарларынын эт күркөлөрүндө санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чара өткөрүп, ошондой эле касапканаларды текшерди.
Иш-чаралар акимчиликтин, МАБдын, райондук ИИБнын, ошондой эле шаардык ветеринардык кызматтын кызматкерлеринин катышуусу менен өтүүдө.
Рейддердин жүрүшүндө санитардык нормаларды сактоого, эт азыктарын сактоо жана ташуу шарттарына, ошондой эле продукциянын сапатын жана коопсуздугун ырастаган зарыл документтердин болушуна өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, бардык эт сатуучуларга оорулардын алдын алуу эрежелери, ошондой эле тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Бул иш-чаралар сатылып жаткан азыктардын санитардык ченемдерин сактоо жана малдан адамга жугуучу күйдүргү, бруцеллез жана эхинококкоз ооруларынын таралышын болтурбоого багытталган.