Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өтүп, анда маанилүү объектилерди куруу жана реконструкциялоонун мөөнөтү жана процесси талкууланды.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги бизге төмөндөгү объектилерде кандай иштер аткарылганын айтып берди.
- Мамлекеттик туунун флагштогун жаӊыртуу;
- «Ала-Тоо» борбордук аянтын реконструкциялоо;
- «Алга» спорт комплексинин курулушу (мурдагы Эмгек резерви);
- Д.Өмүрзаковдун атындагы стадиондун кичи аренасын реконструкциялоо;
- Дордой конушунда бала бакча куруу;
- №68 мектеп-гимназиясына спорт залын жана корпусун куруу;
- №40 бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүү;
- Калыс-Ордо конушунда бала бакча куруу;
- Ак-Ордо конушунда бала бакча куруу;
- Ак-Босого конушунда бала бакча куруу;
- №8 бала бакчага кошумча имарат куруу;
- «Чыгыш-5» кичи районундагы бала бакчанын имаратын реконструкциялоо.

Борбор калаа башчысы 2024-жылдын 31-августуна чейин аткарылуучу иштердин бюджетин, сапатын жана мөөнөтүн эске алуу керектигин баса белгиледи.

«Убакыт аз, бирок мүмкүнчүлүктөр бар. Биз иштешибиз керек», - деп кошумчалады А.Джунушалиев.