Биринчи май районунун "Мурас-Ордо" конушунда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчанын ачылышы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова жана Биринчи май районунун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова катышты.
Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу демилгеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “ Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча Өкмөттүн акселераторлор программасын ишке ашыруу жөнүндө” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Катышуучулар бул долбоордун мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуунун жана Кыргыз Республикасында балдардын бакубаттуулугу жана өнүгүүсү үчүн мындай демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.