Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү жаатындагы мыйзам бузуучуларды аныктоону улантууда.
Шаар тургуну Ш.Ч. Б. курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге алып чыгып ыргытып, антисанитария катталган.
КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 2-беренесин бузгандыгы үчүн шаар тургунуна салынган айып пулдун суммасы 10 500 сомду түздү.

Ошондой эле О. С. Э. курулуш таштандыларын, катуу тиричилик калдыктары үчүн арналган контейнерлерге таштагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.
КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-бөлүгүнүн 1-беренесине ылайык 5 500 сом суммасында протокол түзүлдү.

"Аруулан" мончосунда баш калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Объекттин түтүгүнөн чыккан кара түтүндү видеого тартып алган шаардыктардын кайрылуусу боюнча текшерилген.
"Аруулан" мончосу чындап эле абаны булгап, катуу тиричилик таштандылары өрттөп, борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузганы аныкталган.
Аталган мончого КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү.
Айып пулдун суммасы 23 000 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, өткөн 5 айдын жыйынтыгы боюнча шаардыктар, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана уюмдар КР кодексинин 114-беренесин көбүрөөк бузушкан.
Инспекторлор тарабынан 1702 протокол 16 933 000 сомго түзүлгөн.


Урматтуу шаардыктар, уюмдар! Жанаша жайгашкан аймактагы тартипке көз салып турууну, таштандыны белгиленбеген жерлерге таштабоону суранабыз.