Бишкек шаарында Байтик баатыр – И. Ахунбаев – К. Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук паркынын ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу ачылыш аземге мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонжэ жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.

Ардактуу меймандар үчүн Корея Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарынын эсебинен сатылып алынган "Бишкекжашылынкурулуш" муниципалдык ишканасынын техникалык жабдуулары көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында Мирлан Байгончоков жана Ли Вон джэ бак-дарак отургузушту.