«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Аталган иштердин алкагында 2024-жылдын 5-июнунда саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Байтик Баатыр- Элебаев - Кулатов көчөлөрү, Геологиялык чолок көчөсү– Л.Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) – Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен жерде суу берүү өчүрүлөт.

Урматтуу шаар тургундары!
“Бишкексууканал” МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.