Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан 2024- жылдын 5 айында көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга карата жалпы суммасы 40 057 500 сомго 3 615 протокол түзүлгөн. 11 862 500 сом төлөнгөн.
Жарандар КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин көп сакташкан эмес.
Жанаша аймагындагы таштандыны тазалабагандарга 1 702 протокол түзүлгөн, анын баасы 16 933 000 сом.

Турмуш-тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-бөлүгүнүн 1-беренесине ылайык 439 протокол 5 404 500 сомго түзүлгөн.

Жашыл бак-дарактарды кыюу, кыртышты казуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиоративдик жана саркынды сууларды суу буруучу курулмаларга агызуу үчүн КР кодексинин 179-бөлүгүнүн 2-беренеси боюнча 417 протокол 4 087 500 сом суммасында түзүлгөн.

Өндүрүштүк, өнөр жайлык жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге чыгаргандыгы үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-бөлүгүнүн 2-беренесине ылайык 332 протокол жалпы суммасы 5 435 000 сомго түзүлгөн.

107-берененин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн жарнама такталарын такталбаган жерге жайгаштыруу боюнча 193 протокол 625 000 сомго түзүлгөн.

Жолду жана көчөлөрдү булгагандыгы, зыянга учураткандыгы үчүн 177-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 156 протокол түзүлгөн. Айып пулдун суммасы 3 107 500 сомду түздү.

Көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн КР  укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 105 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 235 000 сом болгон.

Жалбырактарды, таштандыларды жана башка тыюу салынган заттарды өрттөө жолу менен  абанын булганышынын 73 учуру аныкталган. Экологияны бузгандарга 115-берененин 3-бөлүгү боюнча 919 500 сом айып салынды.

Көп батирлүү турак үйлөрдө санитардык  эрежелерин сактабагандыгы үчүн 110-берене боюнча 40 протокол 460 000 сомго түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 249-беренеси боюнча 23 протокол 199 000 сомго түзүлгөн.

Жазма буйрукту кайталап аткарбагандыгы үчүн 434-берененин 2-бөлүгү боюнча 3 протокол түзүлгөн, анын баасы 90 000 сом.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 246-беренеси боюнча 2 протокол 11 000 сомго түзүлгөн.

1 укук бузуулар жөнүндө кодексинин 439-беренеси 13 000 сомго бузулган учурлар аныкталган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы ушул жылдын январь айында жеке жана юридикалык жактардын борборду көрктөндүрүү эрежелерин сактоосун көзөмөлдөө жана  абанын булганышын алдын алуу максатында түзүлгөн.