Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында 2024-жылдын 31-майында башталган IV Эл аралык “Наристе” балдар фестивалынын алкагында мэр Айбек Джунушалиев менен ар кайсы өлкөлөрдөн келген коноктордун жолугушуусу   өттү.

Санкт-Петербург шаарынан, Казакстан, Монголия, Корея, Түркия, Сербия, Калмыкия, Башкырстан өлкөлөрүнөн  жана Кыргызстандын– Баткен, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарынан ардактуу коноктор катышты.
Калаа башчысы жаш таланттарга чыгармачылык ийгиликтерди жана   жеңиштерди каалады.

Жыйындын соңунда иш-чаранын катышуучулары эстелик белектери менен алмашып, каалоо тилектерин айтышты.