Борбор калаада “Маданияттар аралык диалог ааламдашуу мезгилиндеги маданияттын өнүгүү фактору катары” деген темада Экинчи Бишкек маданият форумунун ачылышы болду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, маданий мурастарды сактап, келечек муунга өткөрүп берүү маанилүү экенин белгиледи.

«Балдар өз таланттарын гана көрсөтпөстөн, башка өлкөлөрдүн маданияты, инновациялык долбоорлору менен таанышып, өзү теңдүү балдардын идеяларынан шыктанып жатканы абдан кубандырат. Борбордун коноктору шаардын тарыхый жана маданий жайлары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Фестивалдын негизги максаты – этностук, маданий, диний, тилдик топтордун жана улуттардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жакшыртууга, тилектештикти чыңдоого, маданияттарды мындан ары да өз ара байытууга, эл аралык маданий кызматташууга жана алмашууга көмөктөшүү”, - деп кошумчалады калаа башчысы.

Экинчи Бишкек маданият форуму “Наристе” төртүнчү Эл аралык балдар фольклор фестивалынын алкагында Кытай Эл Республикасынан, Таити Королдугунан, Таиланд Королдугунан, Өзбекстан Республикасынан жана Улуттук Дельфий комитеттеринен, CIOFF-Фольклордук фестивалдарды жана салттуу искусствону уюштуруу боюнча эл аралык кеңештин Азия-Тынч океан секторунан, Марокко фестивалдарынын ассоциациясынан өкүлдөр, салттуу искусствону өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган эл аралык маданий уюмдардын мүчөлөрү, ардактуу коноктор катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө маданий өз ара аракеттенүүнүн, ар түрдүү элдердин жана цивилизациялардын уникалдуу маданияттарын сактоо, өз ара байытуу, жакындаштыруу жана өнүктүрүү механизмдерин түзүүнүн олуттуу маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү көптөгөн эл аралык маданий жана фольклордук фестивалдардын активдүү жана туруктуу катышуучусу. 2017-жылы Кыргызстандын борборунда Биринчи Бишкек маданият форуму өтүп, ага ири эл аралык уюмдардын мүчөлөрү болгон беш континенттен 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Булар CIOFF-Фольклордук фестивалдарды жана салттуу искусствону уюштуруу боюнча эл аралык кеңеши, Эл аралык Дельфий комитети, Марокко фестивалдарынын ассоциациясы, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму.