Свердлов райондук администрациясы   райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте  рейд өткөрдү.


Рейддик иш-чаралар «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык өткөрүлүүдө.


10 объект текшерилип, 150 миң сом айып салынды, 3 протокол түзүлүп, 7 санитардык корутунду чыгарылды.


«Veranda», «Плаза-Восток» жана «Soulist» мекемелерине айып пул  салынды.


Эскерте кетсек, эгерде мыйзам бузуу аныкталса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык айып пул салынат.