Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата борбор калаанын райондорунда салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.
Ошентип, Ленин районунда аким Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунун тургундары менен жолугушуп, балдарды майрамы менен куттуктады.
Балдарга балмуздак таратылып, ден соолук, бактылуу балалык каалашты.
Мындан сырткары райондо маданият жана достук фестивалы өткөрүлдү.
Свердлов районунун аймагында угуусу начар жана укпаган балдар үчүн №21 адистештирилген мектеп-интернатында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Балдар эстафетага активдүү катышып, аркан тартыш жана ордо ойношту. Жалпысынан 60 адам катышып, эстеликке белектерди жана балмуздактарды алышты.
Ошондой эле Төмөнкү Ала-Арчада аниматорлордун катышуусунда балдарга майрам уюштурулуп, аларга таттуулар жана балмуздактар таратылды.
Аламүдүн-1 кичи районунда да балмуздак, таттууларды таратып, балдарга майрам тартууланды.