Бишкек шаарында Капиталдык курулуш башкармалыгы №9 балдар искусство мектебинин курулушун улантууда.

Имарат 3 кабаттуу, жер участогунун жалпы аянты 0,512 га, ал эми имараттын аянты-  1117,57 чарчы метр.

Долбоордун алкагында биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттарда архив/китепкана, фортепиано, аккордеон, баян, комуз, кыл кыяк, скрипка, эл аспаптар, музыка тарыхы, руханий аспаптар класстары каралган. Андан сырткары жылытуу түйүнү, концерттик зал, артисттик зал, жабдуулар кампасы, костюмдар бөлмөсү болот.

Учурда жер төлөнүн жана биринчи, экинчи кабаттын бетон каркастары бүткөрүлүп, 3-кабаттын колонналарынын бетон куйуу жана биринчи кабаттын кирпич дубалын орнотуу иштери уланууда.


Подряддык уюм – “Куб Строй” ЖЧКсы.