Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин толугу менен 2024-жылдын 1-июнунан 8-июнуна чейин толук жабылат.


Белгилей кетсек, буга чейин шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында унаа жолу кезек-кезеги менен жабылган.


Жол жабылгандан кийин унаа жолунун алдынан өтүүчү түтүктөр жана түтүк көпүрөлөрүн орнотуу иштери аткарылат. Ошондой эле жолдун негизин асфаль-бетон аралашмасын төшөөгө чейинки даярдык иштерин баштоо пландаштырылууда.