2024-жылдын 1-июнунан тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылат.

Мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынган. Негизги себептери:


- Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кеткен.
- №15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдардын болушу анын ишин экономикалык жактан жараксыз кылат.

Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүз үчүн рахмат.