1-июнь Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Свердлов районунун башчысы Кубанычбек Айтакунов №48 адистештирилген бала бакчага жана "Айданек" балдарды реинтеграциялоо борборуна барды.
Адистештирилген бала бакчанын жана реинтеграция борборунун кызматкерлери балдар үчүн тарбиялык жана оюн-зоок иш-чараларын уюштуруп, мээримдуу, кубанычтуу маанайда өттү.
Район башчысы балдарды майрамы менен куттуктап, белектерин берип, таттууларды, балмуздактарды таратты.
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу балдар, силер биздин келечегибизсиңер!