Эртең, 31-майда Ахунбаев көчөсү Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылат. Токтоналиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Ошондой эле 2-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылат. Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө  Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт.

Капиталдык оңдоо маалындагы коомдук транспорттун өзгөргөн кыймыл чиймеси төмөндө көрсөтүлдү:

Убактылуу кыймыл чийме 1

Убактылуу кыймыл чийме 2

Убактылуу кыймыл чийме 3