Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев жана акимдин орун басары Айзада Джунусова райондо жайгашкан балдардын реабилитациялык борборлоруна барышты.

Район башчысы «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинде болуп, абал менен таанышты.

Анда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тарбияланат.

Бул борбордо 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар мугалимдердин тыкыр көзөмөлүндө жашашат.

Аким  балдардын ал-абалын сурап, белектерин тапшырды.

Ошондой эле, аким «Үмүт-Надежда» балдарды реабилитациялоо борборуна барып, балдарга акчалай сертификат тапшырды. Бул реабилитациялык борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген жана даун синдрому бар балдар тарбияланат.

Балдар биздин келечегибиз жана биздин бактыбыз. Ар бир бала мээримге толгон үй-бүлөдө тарбияланууга укуктуу!