2024-жылдын 29-майында муниципалдык инспекция тарабынан Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 протокол түзүлүп, 1 049 000 сом айып салынды.
Рейддин жүрүшүндө 255 чарба субъектилери, коомдук транспорттун акыркы аялдамалары, иштеп жаткан мончолор текшерилип, жарандардын кайрылуулары каралды.
Ленин районунда 323 500 сомго 26 протокол, Биринчи май районунда 298 500 сомго 24 протокол, Октябрь районунда 260 000 сомго 18 протокол, Свердлов районунда 167 000 сомго 17 протокол түзүлгөн.