Үстүбүздөгү жылдын 30-майында №62 мектепте бала бакчанын тарбиялануучулары арасында илимий-практикалык чыгармачылыкты жана инновацияга кызыгууну жайылтууга багытталган STEAM технологиялары боюнча сынак өттү.
Сынакка шаардык бала бакчалардын 6-7 жаштагы балдары катышты.
Мелдеш үч номинация боюнча өттү:
1-орун " Робомышь " - №71 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун - №18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун - №49 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
"Лего Мастер":
1-орун - №64 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун - №61 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун - №35 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
«Мультфильм студиясы»:
1-орун - №18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун - №4 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун - №61 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.
Борбор калаада 96 муниципалдык бала бакча бар, алардын ичинен 12 бакчада STEAM активдүү өнүгүүдө.