Бүгүн, 30-майда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Балдарды коргоо күнүнө карата концерттик программа өттү.

Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөз сүйлөдү.

Миңдеген балдар үчүн «Бактылуу балалык» аттуу спектакл-концерт уюштурулду.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жеңилдетилген категориядагы үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар борборлорунун, адистештирилген бала бакчалардын, көмөкчү мектептердин, коомдук уюмдардын жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы балдарга канцелярдык товарларды тапшырышты. «Бактылуу балалык» спектакль-концерти кубанычка толгон жаркын окуяга айланды.

Бишкек шаарынын мэриясы балдардын бакубат жашоосу жана өнүгүүсү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бул иш-чаралар балалыкты жаркын жана унутулгус кылып гана тим болбостон, ар тараптуу өнүгүүгө шарт түзөт.