Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жолугушту.
Биз Чэнду шаарынын өзү жөнүндө бир аз айтып берүүнү чечтик, анын мэри биздин меймандос борборубузга келди.
Чэнду-Кытайдын батышында жайгашкан Сычуань провинциясынын административдик шаары. Шаардын аянты - 14,3 миң чарчы километр. Шаарда калктын саны 21 миллиондон ашат.
Бул бийиктиги 5 миң метрден ашкан карлуу тоолорду караган дүйнөдөгү жалгыз мегаполис. Чэнду шаары Кытай пандаларынын мекени.
Чэнду аймагындагы цивилизация 4,5 миң жылга созулат. Чэнду шаар болушуна 2,3 мин жыл болду.
Шаар глобалдык инновация индексинде 24-орунда турат, 66 жогорку окуу жай, 146 мамлекеттик деңгээлдеги инновациялык платформалар, 13 миң мамлекеттик деңгээлдеги жаңы жана жогорку технологиялык ишканалар, 6,5 миллион ар кандай профилдеги кадрлар бар.
2023-жылы Чэнду шаарынын тышкы сооданын жалпы көлөмү 106 миллиард АКШ долларын түзсө, жалпы экономикалык көлөмү 310 миллиард АКШ долларына жетти.
Күн сайын эл аралык поезддер Европа жана Азия өлкөлөрүнө автоунааларды, электромеханикалык жабдууларды, шаймандардын комплекттерин, электрондук маалымат өнүмдөрүн, биомедициналык өнүмдөрдү, фотоэлектрдик материалдарды ташыйт.
Чэнду эки эл аралык аэропорту бар Кытайдагы үчүнчү ири шаар. Айта кетсек, Бишкек менен Чэнду шаарларынын ортосунда түз каттам уюштурулган.
Шаар 70 эл аралык (аймактык) үзгүлтүксүз түз жүргүнчү жана жүк каттамдарын ачты. Чэнду дүйнөнүн 112 шаары менен достук мамиле түзгөн, атап айтканда, Бишкек шаары менен дагы достук жана боордоштук мамиле түздү.
Шаарда 1500ден ашык парктар, 7 миң километр Тяньфу жашыл жолдору, 600 километрден ашык метро жана трамвай линиялары, 3600дөн ашык китеп дүкөндөрү, 192 музей, 10 миңден ашык чайкана жана 8,3 миңден ашык кафе бар.
Чэнду - бул парк шаары жана пандалардын мекени.