Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти «Ак-Кула» мүлк комплексин аукционго коюуда.

Мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

Белгилей кетсек, биринчи аукцион 2024-жылдын 16-майында саат 10:00дө өтүшү керек болчу, арыздын жоктугуна байланыштуу бул аукцион өткөн эмес.

Ошондой эле, 16-май күнү Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайларды долбоорлоо жана куруу үчүн 0,93 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүлүп, аукционго 6 арыз ээси катышты.

Белгилей кетсек, жылына 5 000 000 сом баштапкы ижара акысы менен сунушталган жер тилкеси жеңүүчүгө белгиленген жылдык ижара акысы 32 000 000 сом менен берилген.  

Ошентип, учурда муниципалитет менен ата мекендик ишкерлердин ортосунда ачык-айкын, өз ара пайдалуу кызматташуу түзүлдү.