Бүгүн, 2024-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев парламент жыйынында М.К.Ататүрк атындагы сейил багында түзүлгөн кырдаалдан улам адам кан басымы жана нерв оорусунан каза болгонун билдирди.
Жаран С.Байтурсунованын өлүмүнүн себептери тууралуу расмий маалыматка компетенттүү органдар тарабынан түшүндүрмө берилет. Мындан улам мэрия депутат Д.Бекешевди жана башка кызыкдар тараптарды коомчулукту адаштырбоону суранат.
Белгилей кетсек, Дастан Бекешев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарында бир нече жолу Ататүрк паркынын чек арасын бекитүү чечимин демилгелеген. Депутат юрист катары бул чечимдин кесепети кандай болорун жакшы түшүнгөн.
Бишкек шаарынын мэриясы М. К. Ататүрк атындагы сейил багынын аймагын кайтаруу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында алып барат.