Чыгыш автобекетинин имараты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, имаратты демонтаждоо планда жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда.

Мурдагы автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Чүй облусу, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү 1/1 дареги боюнча «Бишкекавтобекети» МИси уюштурулуп, иш алып барууда, ал жерде Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу жана уюштуруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.