Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан М.К. Ататүрк атындагы сейил бактын чыгыш тарабында жайгашкан объектилерди алуу иштери башталды.

Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда.

Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат.

Жашоочулар №104/1 дарегиндеги  4 кабаттуу  үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты.

Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган.

Башкармалык аталган мыйзам бузууну жоюу иштерин баштады.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышкан.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан уруксат берилбеген курулуштарды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Болбосо, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.