Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өттү.
25-майда борбор калаанын мектептеринде болуп өткөн иш-чараларды талкууладык. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору белгилегендей, акыркы коңгуроо учурунда чоң окуялар катталган жок.
Укук коргоо кызматкерлери, райондук администрациялардын, райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларда иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө оюн-зоок жайларында бүтүрүүчүлөр аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу жайлардын директорлоруна тиешелүү чаралар көрүлөт.
Жер мунапысы боюнча борбор калаанын мэриясынын жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директорунун маалыматын уктук.
Айбек Джунушалиев бул маселеге тез арада чекит коюп, кызыл китептерди даярдоону аягына чыгарууну тапшырды.
Мындан тышкары, бардык насостук станцияларды оңдоп-түзөө, тазалоо жана сууга түшүү сезонун ачууга даярдык көрүү тиешелүү кызматтарга тапшырылды.
Жыйындын жүрүшүндө шаардагы арыктарды оңдоо жана жаңысын орнотуу маселеси да көтөрүлдү.