Бишкек шаарынын Т.Усубалиев атындагы аянтында 2024-жылдын 29-майында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн «Мекен артык өмүрдөн» аттуу концерти өтөт.
Иш-чарага КР Коргоо министрлигинин солисттери жана оркестри катышып, патриоттук ырларды жана КР Куралдуу күчтөрүнүн салттарын чагылдырган чыгармаларды аткарышат.
Белгилей кетсек, Бишкектеги иш-чара аяктагандан кийин КР Коргоо министрлигинин чыгармачыл тобу өлкөнүн түштүгүндө өз чыгармаларын тартуулайт.
Ошентип, концерттер:
- 1-июнда Баткен шаарында;
- 3-июнда Жалал-Абадда;
- 5-июнь күнү Ош шаарында.
Буга чейин Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында концерттер өткөрүлүп келген.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Бишкек шаарынын бардык тургундарын жана конокторун концертке келүүгө жана таланттуу артисттердин жагымдуу чыгармаларынан ырахат алууга чакырат.