Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы  абанын булганышын жана тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү алдын алуу максатында 2024-жылдын январынан апрелине чейин 274 чарбалык субъекттерде, мончолордо, сауналарда жана жеке менчик үйлөрдө 786 рейддик иш-чара өткөрдү.

2024-жылдын 15-январынан 24-майына чейин жалбырактарды, таштандыларды жана башка буюмдарды өрттөгөндөргө карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 67 протокол түзүлгөн.
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардан өндүрүлгөн айыптардын суммасы 874 000 сомду түздү.

Бишкек шаарынын райондору боюнча КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин бузулушу боюнча  статистика:
Октябрь району боюнча-29 протокол 372 500 сом суммасында;
Биринчи май району боюнча-16 протокол 213 000 сом;
Ленин району боюнча - 14 протокол 182 500 сом суммасына;
Свердлов району боюнча – 10 протокол 106 000 сом суммасына.

Жалбырактарды, тигүү цехтеринен чыккан кездеменин калдыктарын, курулуш материалдарын жана синтетикалык заттарды өрттөө административдик мыйзамдардын ченемдерин  одоно бузуу болуп саналат. Бул шаардын экологиясына да, шаардыктардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизет.  

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана борбор калаанын коноктору! Сиздерден Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону өтүнөбүз. Экологияны бузгандарга карата токтоосуз түрдө тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эске салсак, 2024-жылдын башынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы кеңейтилген ыйгарым укуктарга ээ болуп, иш механизмине жаңы функциялар кошулган.
Азыр инспекция абанын сапатын көзөмөлдөп, стихиялуу полигондор менен күрөшүп, жашыл аймактарда туура эмес унаа токтотууга каршы чараларды көрүп жатат.