Бишкек шаарында жаштар арасында жыл сайын өтүүчү “Экобатл” эко-кубок мелдешинин жыйынтыгы чыгарылды.

Мелдешке 15 команда катышты, анын ичинен 13 мектеп жана 2 гимназия.

“ЭКО Кубогу-2024” ишинин негизги багыты:
- ыңгайлуу экологиялык чөйрө;
- шаардын экологиясын жакшыртуу боюнча чечимдерди аныктоо.

Иш-чара экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу жана экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо максатын көздөйт.

Экологиялык акциянын жүрүшүндө командалар  Ботаникалык бакты тазалап,  400 мүшөк таштанды чогултушту.

Ошондой эле видеорепортаждарды даярдап, чогулган таштандыларды санап, темаларды тандап, экодолбоорлорду, видеороликтерди даярдашты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр кубок жана тиешелүү даражадагы грамоталар менен сыйланышты:
№68 мектеп “Ойкос” командасы - Гран-при;
№62 мектептин “Жашыл планетанын экипажы” командасы - 1-орун;
№74 «Жаратман» мектеби - 2-орун;
№86 «Эко Бүчүр» мектеби - 3-орун.

Белгилей кетсек, иш-чараны  Бишкек шаарынын мэриясы жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети уюштурду.