Бишкек шаарында №11, 12, 53, 65, 66 жана 67-мектептердин окуучулары арасында «Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу», «Жаштар баңгизатка каршы» деген темада конкурс  өттү.

Ага акимдин орун басары Асел Садыкова, райондук прокуратуранын, райондук билим берүү башкармалыгынын жана борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү орундар байгелүү орундарга ээ болушту:

- 1-орун - Л.В. Толстунов атындагы №12 мектеп-гимназиясы;
- 2-орун - №65 ЭЭЛ мектеби;
- 3-орун - №66 ОТК мектеби.

№67, №11 жана №53 мектептер баалуу сыйлыктар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 551-р «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын  экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» буйругуна  жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 15-июлундагы № 120-р «Баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жүгүртүүсүн контролдоо боюнча чаралар жана баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, окуучулар арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында өткөрүлдү.