Акыркы коңгуроо күнүндө шаардагы тартипти жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун тартип сакчылары камсыз кылышты.

Алсак, укук коргоо кызматкерлери акимиаттын, билим берүү башкармалыгынын жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларда, кафе-ресторандарда биргелешкен иш-чараларды өткөрүштү.

Мындан тышкары, түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүп, ата-энелерге оюн-зоок жайларында жана башка эл көп чогулган жерлерде чогулуштарды уюштурбоо керектиги  эскертилди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 17 миң 788 9-класстын окуучусу жана 8 миң 775  11-класстын  окуучусу үчүн акыркы коңгуроо кагылды.