Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары (СДЮШОР) теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү, пара-армрестлинг боюнча 21-Азия чемпионатында жеңишке жетишти.

Мелдеш 2024-жылдын 20-майынан 23-майына чейин Ташкент шаарында (Өзбекстан) өттү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

- 70 кг чейинки салмак категориясында:
Токтосун уулу Бекболсун – 1-орун (оң кол), 1-орун (сол кол);
- 60 кг чейинки салмак категориясында:
Рак Надежда – 1-орун (оң кол), 1-орун (сол кол);
- 60 кг чейинки салмак категориясында:
Камчыбек уулу Эрлан – 1-орун (оң кол), 2-орун (сол кол);
- 65 кг чейинки салмак категориясында:
Таалайбек уулу Эрдик – 2-орун (оң кол);
- +90 кг чейинки салмак категориясында:
Нурматов Евгений – 3-орун (оң кол), 2-орун (сол кол).