Шаардын райондорунда 2024-жылдын социалдык келишимдин биринчи жыйындары  өткөрүлдү.

Ошентип, Октябрь акимчилигинде социалдык келишимдин негизинде 100 миң сом өлчөмүндөгү социалдык жардам көрсөтүү программасына катышуучуларды тандоо боюнча комиссия болуп өттү.

Комиссия тарабынан «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын 11 арызы каралып, 6 документ канааттандырылган, 5 документ кайра кароого жиберилди.

Ленин акимчилигинде социалдык жардам көрсөтүү программасына катышуучуларды тандоо боюнча комиссия «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын 12 арызын карап чыкты. Анын ичинен 7 документ жактырылган, 1 документ кайра кароого жиберилген жана 4 документ четке кагылган.

Биринчи май акимиатында социалдык келишим боюнча комиссиянын биринчи отурумунда 8 материал каралып, анын ичинен 4 документ жактырылып, 2 документ кайра кароого жиберилген, 2 документ четке кагылган.

Белгилей кетсек, “Үй-бүлөгө көмөк” социалдык контракт көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн   100 миң сомдон каралган.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында өтүп жатат.