Бишкекте акыркы коңгуроо 9-класстын 17 миң 788 окуучусу жана 11-класстын 8 миң 775 окуучусу үчүн кагылды.

Бүгүн, 2024-жылдын 25-майында саат 9:00дө бардык борбордогу мектептерде окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу жыйындар өткөрүлдү.

Билим берүү департаментинин Рахат Мусаева Учкун жаңы конушунда жайгашкан №89 мектепте болуп, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери педагогикалык жамаат, окуучулар жана алардын ата-энелери менен атайын иш-чараларды өткөрүүдө балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, оюн-зоок мекемелеринде, кафе-ресторандарда жана башка жерлерде кечки жана түнкү иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү департаментинин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистеринен, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган мобилдик топтор шаардын айланасында иш алып барарын өзгөчө белгилейбиз.