24-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери менен таанышты.

Борбор калаанын башчысы төмөндөгү объектилердин иши менен таанышты:

- №68 мектеп гимназиясынын аймагына залы жана отканасы бар спорт имаратын курулушу;
-№ 8 мектепке чейинки билим берүү мекемеси үчүн кошумча имарат курулушу;
- №40 бала бакчанын капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү;
- Көк-Жар конушунда 5 унаага ылайыкталган тез жардам станциясы, унаа жуучу жайы бар 150 орундуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курулушу.

Бала бакчалар менен мектептерге балдардын коопсуздугун камсыздоону көзөмөлгө алуу жана жасалма газондун ордуна табигый газон уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча тапшырмалар берилди.
Подрядчыларга «Бишкек жашыл курулуш», «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканалары жана Гареев атындагы Ботаникалык бактын жашылдандыруу боюнча адистери сунуштаган 9 түрдү эске алуу менен жалбырактуу бак-дарактарды отургузуу тапшырмасы берилди.

Айбек Джунушалиев ошондой эле медициналык борбордун курулушун күчөтүү керектигин белгиледи.
Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча бардык курулуш объектилеринде транспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттары бар экендиги эскертилди.