Борбор калаанын райондорунда балдардын иштери боюнча комиссиянын отурумдары болуп өттү.

Алсак, Биринчи май районунда балдар арасындагы укук бузуулар, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү, балдарды үй-бүлө менен бириктирүү боюнча 29 маселе күн тартибине коюлуп, каралды. Бардык маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Ленин районунда балдардын арасындагы кылмыштуулукка жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүүгө байланышкан 14 маселе күн тартибине киргизилген.

Комиссиянын курамына саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, социалдык коргоо тармактарынын адистери жана зарыл болгон учурда социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн бейөкмөт уюмдар кирет.

Комиссиянын негизги милдети балдар арасындагы кылмыштуулуктун жана кароосуз калууну алдын алуу, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү болуп саналат.