Бишкек мэриясынын тапшырмасы менен «Бишкекбашкыархитектура» МИсы жол жана транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын, жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана №4 МАБнын кызматкерлери менен биргеликте тротуарларды жана веложолдорду курууга тоскоолдук кылган объектилерди карап чыгышты.

«Бишкекбашкыархитектура» МИнын адистери Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар жана веложол куруу үчүн схема түзүшүп, архитектуралык-шаар куруу корутундусун иштеп чыгышты.

Белгилей кетсек, веложолдун узундугу 2,8 чакырымды, тротуардын туурасы 3 метрди, ал эми веложолдун туурасы 2,4 метрди түзөт.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Садырбаев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2,8 чакырым тротуар жана веложолдун курулушу бүткөрүлгөн.

Бул иш борбор калааны жакшыртуу, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана активдүү эс алууну өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу максатында жүргүзүлүүдө.